12 млн. сом кайда? Коргоо ведомствосунун кызматкерлерине кылмыш иши козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековВозбуждение уголовных дел в КР
Возбуждение уголовных дел в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аткаминерлердин айынан мамлекеттик бюджетке 12 миллион сом чыгым келтирилген

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Мамлекеттик коргоо комитети менен "Аскер-курулуш" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине Кылмыш жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү үчүн үй куруп жана имараттарды оңдоп жаткан "Аскер Курулуш" мекемеси курулуш материалдарына кеткен чыгымдарды негизсиз түрдө жогорулатып, тендерди мыйзамдарды бузуу менен өткөргөн", — деп айтылат маалыматта.

Акча санап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: бажычы менен салыкчылардын катышы бар ири коррупциялык схема аныкталды
Коргоо комитети менен "Аскер Курулуш" мекемесинин кызматкерлеринин айынан мамлекет 11 миллион 988 миң сом чыгым тарткан.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу), 306-беренеси (тендерди Кыргызстандын кызыкчылыктарын эске албастан өткөрүү) жана 308-беренеси (бюджеттин каражатын мыйзамсыз колдонуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0