Араванда жаранды коркутуп акча алды деп айылдык кеңештин депутаты кармалды

Жазылуу
Депутат ошол эле учурда мечитте имам экени айтылды

ОШ, 2-мар. — Sputnik. Ош облусундагы Араван районунун айылдык кеңешинин депутаты уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү менен биргеликте жергиликтүү тургунга күч колдонуп 400 миң сом талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Араван районунун 32 жаштагы жашоочусу милицияга арыз менен кайрылып, белгисиз жарандар аны ур-токмокко алып 400 миң сом өлчөмүндө акча же турак жайын өткөрүп берүүнү талап кылышканын билдирген.

"ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан шектүүлөр жабырлануучудан 14 миң сом алып жаткан жеринен колго түшүрдү. Алардын бири Аравандагы айылдык кеңештердин биринде депутат, ошол эле учурда мечитте имам болгон. Калган экөө 2011-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү катары милициянын каттоосунда турган. Алар Өзгөн менен Аравандын тургундары", — деди Аширбаев.

Ал ошондой эле кармалгандарга карата Кылмыш жаза кодексинин 170-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0