ӨКМ: россиялык өспүрүм Караколго жакын жерде кар көчкү алдында калды

© Sputnik / Д. Чернов / Медиабанкка өтүүНа снеголавинной станции МГУ на Эльбрусе
На снеголавинной станции МГУ на Эльбрусе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки чоң киши куткарылып өспүрүм кыз каза болгон

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Үй-бүлөсү менен келген россиялык туристтер Караколдогу "Каприз" тоо лыжа базасына жакын жерде кар көчкү алдында калганын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыш акыркы каарын чачып, кар жаайт. Алдыдагы үч күндүн аба ырайы
Алдын ала маалымат боюнча эки чоң киши куткарылып, 9 жаштагы кыз каза болгон.

Министрликтин маалыматына ылайык, Россиядан келген үй-бүлө тоо-лыжа базасынан төрт-беш чакырым алыстыкта өз алдынча эс алып жүрүшкөн. Окуя саат 17:00дөр чамасында болгон.

10 мүнөттөн кийин ӨКМдин куткаруучуларына билдирүү келген. Кырсык болгон жерге бригада барганга чейин тоо лыжа базасынын куткаруучулары менен башка кишилер сөөктү кардын алдынан алып чыгышкан.

Кырсык болгон жерде милиция кызматкерлери иштеди. Министрлик кошумча маалымат берилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0