"Аткаминердин" айдоочусу Бишкектин тургунун жарым миллион сомго алдап кеткен

Жазылуу
Кармалган киши шаар тургунунун соттолгон байкесин экстрадициялап берем деп кызматын сунуштаган

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын тургунун 551 миң сомго алдам кетти делген киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Колония для пожизненно осужденных в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
"Апа-аа, адам өлтүрүп алдым..." Абактагы алдамчылар канткенде ооздукталат?
27-февралда Биринчи Май РИИБине шаар тургуну кайрылып, чала тааныш кишиге карата чара көрүүнү сунуштаган. Эркек киши таасирдүү аткаминердин жардамчысы экенин айтып, аялдын Казакстанда соттолгон байкесин экстрадициялап берем деп ири суммада акча алган.

Аталган факты боюнча Биринчи Май райондук ИИБдин тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш ишин козгогон.

Милиция кызматкерлери шектүү катары 39 жаштагы жаранды кармап, тергөө амалдары башталды.

Мындан мурдараак Пакистандын тургуну жердештерине Шенген визасын алып берем деп акчасын алып алдап кеткен болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0