Ысык-Атада батирде жашаган киши үй менен кошо күйүп кетти

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКомандно-штабные учения на стадионе "Казань-Арена"
Командно-штабные учения на стадионе Казань-Арена - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ өрттүн себеби такталып жаткандыгын билдирди

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында үй менен кошо 42 жаштагы киши күйүп кетти. Бул туурасында ӨКМден кабарлашты.

"Новопокровка айылынын Шевченко көчөсүндөгү 88 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен аталган үйдү ижарага алып жашаган киши каза тапты", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ өрттүн себеби такталып жаткандыгын билдирди.

Мындан беш күн мурун борбор калаадагы Чыңгыз Айтматов атындагы проспектиде жайгашкан эс алуу борборундагы өрттөн анын бир кызматкери жабыркаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0