Карактап киши өлтүрүүгө шектелгендердин тобу кармалды. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи разбойных нападений в Кыргызстане
Случаи разбойных нападений в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалгандар 2011-жылдын январынан бери кылмыш иштерин жасап жүргөнү айтылууда

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. ИИМдин тергөө тобу каракчылык, уурулукка жана акча алмаштыруу жайынын кызматкерин өлтүрүүгө шектелген кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, шектүүлөр 21-февралда ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында кармалган.

© Фото / пресс-служба МВД КРПодозреваемый в совершении разбойных нападений в Бишкеке
Подозреваемый в совершении разбойных нападений в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Подозреваемый в совершении разбойных нападений в Бишкеке

"ИИМдин тергөө кызматы 2014-жылы акча алмаштыруу жайында иштеген кишинин өлүмүнө тийиштиги бар деп Талас облусунун 41 жана Жалал-Абад облусунун 33 жаштагы тургунун кармады", — деп айтылат маалыматта.

© Фото / пресс-служба МВД КРПодозреваемый в совершении разбойных нападений в Бишкеке
Подозреваемый в совершении разбойных нападений в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Подозреваемый в совершении разбойных нападений в Бишкеке

Тергөөгө ылайык, 2014-жылы 41 жаштагы жаран кылмыш иштерин жасоо үчүн айланасына кишилерди топтой баштаган. Бишкек шаарынын 7-кичи районундагы акча алмаштыруу жайынын кызматкерин аңдып жүрүп, тоноп өлтүрүшкөн.

Депутат Аида Салянованын иниси Улан Салянов өлтүрүлгөн үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: шектүү жаран Улан Салянов кантип өлтүрүлгөнүн айтып берди
"Кечинде машинасын ботаникалык бак жакка токтотуп, ТТ маркасындагы тапанча менен куралданган топ медициналык беткап, колкап алып акча алмаштыруу жайында иштеген 1992-жылы туулган И.Темирбердиев жашаган "Көк-Жар" конушун көздөй барышкан. Ал үйүнө келген учурда кол салып, ок чыгарган. Кылмышкерлер окуя болгон жерден изин жашырып, жабыркаган жаран ооруканада каза болгон", — деп айтылат маалыматта.

Кармалгандар ушундай эле кылмыш иштерин 2011чи, 2012чи жана 2014-жылдары жасаганы аныкталган. Ишкерлердин үйүнө кирип курал менен коркутуп, ири өлчөмдөгү акчаларын карактап жүрүшкөн.

Учурда кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн кармоо аракеттери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0