04:23 18 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7942
  • EUR76.9027
  • RUB1.0885
Маска кийген адам. Архив

Көк-Жар айылынан 122 миң доллар уурдоого шектелип үч адам кармалды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
550 0 0

Негизги шектүү болуп саналган 20 жаштагы жаран жашаган үйдү тинтүү маалында 40 жана 20 миң долларга бөлүнүп катылган акча табылды

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылынын 68 жаштагы тургунунун үйүнөн 122 миң доллар жана 450 миң сом уурдоого шектелген үч адам кармалганын Чүй ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, Аламүдүн РИИБине уурулук боюнча кабар ушул жылдын 7-февраль күнү саат 16.00дө түшкөн.

"Көк-Жар айылынын тургунунун үйүнө ууру кирип, сейфте сакталган 122 миң доллар жана 450 миң сомду уурдап кеткен. Бул факты боюнча КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 164-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголду", — деп айтылат билдирүүдө.

Ири өлчөмдөгү акча каражатын алып кеткен ууруларды табуу үчүн милиция күбөлөрдү суракка алып, ошол аймакта жашаган мурда соттолуп чыккандарды дагы текшерип чыккан. Ошондой эле терегек-четтеги көзөмөл камералары каралды.

Жыйынтыгында укук коргоо органдары 19-февраль күнү кылмышка шектүү деп 20, 27 жана 24 жаштагы Кара-Балта шаарынын үч тургунун колго түшүрдү.

Негизги шектүү болуп саналган 20 жаштагы К.И. жашаган үйдү тинтүү маалында 40 жана 20 миң долларга бөлүнүп катылган акча табылды. Ошондой эле шектүүлөрдүн Лебединовка айылындагы дагы бир уурулукка тиешеси бар экени аныкталды.

Эске салсак, ошол эле 7-февраль күнү Военно-Антоновка айылында белгисиз адам мечитке келген кишинин 190 миң сомун уурдап алган. Бул тууралуу 34 жаштагы тургун арыз менен кайрылган.

Тема боюнча

Военно-Антоновкадагы мечитке келген кишинин 190 миң сому уурдалды
Белгилер:
шектүү, уурулук, акча, Чүй облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ