Бишкекте окуучуларга гашиш таратууга шектелип эки студент кармалды

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүУничтожение наркотических средств в Таджикистане
Уничтожение наркотических средств в Таджикистане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалгандардын жанынан жана үйүнөн гашиш табылган

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бишкектеги мектептердин бирине баңгизаты таркатылган. Кылмышка шектелип борбор калаадагы окуу жайлардын биринде окуган эки студенти кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

Ири көлөмдө синтетикалык баңгизаттарын чыгарып аны таратуу менен алектенген кылмыштуу топ милициянын торуна түштү - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда спайс саткан кыргызстандыктар кармалды
ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрүндө студенттер окуучулар арасында тыюу салынган каражаттарды таратып жүргөндүгү боюнча маалымат болгон.

15-февралда мектептердин биринин аймагынан 21 жаштагы студент кармалган. Аны текшерүү учурунда жанынан 26 грамм гашиш табылган.

Мындан тышкары, кошумча оперативдик иш-чаралардын учурунда 20 жаштагы студент кармалган. Анын жанынан 15 грамм, үйүнөн 7 грамм гашиш табылган.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 246-247-беренелери (баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү, сатуу, сактоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Буга чейин 8 килограмм гашиш менен ИИМдин пенсионери кармалган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0