Өзбек-кыргыз чек арасынан белгисиз жаран 573 миң доллар таштап из жашырды

© REUTERS / Athit Perawongmetha / File PhotoРабота обменков в Бангкоке
Работа обменков в Бангкоке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек арачылар акчаны ыргытууга аракеттенген кишини издеп жатат

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстанга 573 миң доллардан ашык акчаны чек арадан ыргытылышынын алдын алды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жергиликтүү басылмаларга таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, чек арачылар тыюу салынган жерден өтүүгө аракет кылып, колуна баштык көтөрүп алган кишини байкашкан. "Токто" деген буйрукка баш ийбей, ал баштыктарды таштап изин жашырып кеткен.

"Баштыктын ичинен скотч менен оролгон 573 миң 280 доллар табылган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда коңшу мамлекетке акчаны мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаранды аныктоо боюнча издөө иштери уланууда. Өзбекстандын Кылмыш жаза кодексине ылайык, нак акчанын аткезчилиги менен кармалган жаран сегиз жылга чейин эркинен ажыратылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0