Сирияда жанкечтинин атайын курсунан өткөн кыргызстандык кармалды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКуралчан адам. Архив
Куралчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМК атайын иш-аракеттерди 13-февралда жүргүзгөн

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Сириядан жанкечтинин атайын окуусунан өтүп, Кыргызстанда террордук аракеттерди жасоо үчүн келген жаран Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалганын мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, УКМКнын кызматкерлери 13-февралда атайын иш-чаранын жүргүзгөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алуу учрунда - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: УКМКнын өкүлдөрү иштеген кызматына дал келиши керек
Учурда 26 жаштагы жаранга карата Кылмыш жаза кодексинин Башка мамлекетте согуш аракеттерине катышуу, террордук, экстремисттик аракеттерге даярдык көрүү жана жалданмачылык беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган киши УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0