08:59 15 Баш оона 2018
Түз эфир
  • USD69.2500
  • EUR78.8515
  • RUB1.0374
Борбор калаанын Токтогул жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде маршрутка менен Subaru Forester унаасы кагышты.

Бишкекте маршрутка менен Subaru кагышып үч жүргүнчү жаракат алды. Күбөнүн видеосу

© Фото / Айбек Баратов
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (243)
846 0 0

Бустун ичинде 10дон ашуун жүргүнчү бара жаткан

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Борбор калаанын Токтогул жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде маршрутка менен Subaru Forester унаасы кагышты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине окуяга күбө болгон Айбек Баратов билдирди. 

Анын айтымында, маршуртка жол чырак кызыл күйгөндө өтүп кеткендиктен каптал жагынан унаа сүзгөн. 

“Мен Абдрахманов көчөсү менен маршрутканын артында бара жаткам. Аралык 100 метрдей болчу. Токтогул көчөсүнө келгенде жол чырак кызыл күйгөндө токтобой өтөм дегенде ары жактан келген жеңил унаа маршрутканын арткы капталын сүздү. Маршрутка 60 метрдей сүрүлүп барып жол четиндеги тосмону сүзүп токтоду. Болжол менен 20 жаштагы жигиттин башы жарылып “Тез жардам” аны биринчи алып кеткен. Андан башкалары да жаракат алганын айтып жатышты. Ичиндеги жүргүнчүлөр да айдоочу катуу айдап келгенин билдирди”, — деди күбө. 

  • ДТП на пересечении улиц Абдрахманова и Токтогула в Бишкеке
    Борбор калаанын Токтогул жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде маршрутка менен Subaru Forester унаасы кагышты.
    © Фото / Айбек Баратов
  • ДТП на пересечении улиц Абдрахманова и Токтогула в Бишкеке
    Маршуртка жол чырак кызыл күйгөндө өтүп кеткендиктен каптал жагынан унаа сүзгөн.
    © Фото / Айбек Баратов
  • ДТП на пересечении улиц Абдрахманова и Токтогула в Бишкеке
    Аталган даректе жол кырсыгы катталганын Жол кыймылы коопсузугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы да тастыктап, үч адам жаракат алганын маалымдады.
    © Фото / Айбек Баратов
  • ДТП на пересечении улиц Абдрахманова и Токтогула в Бишкеке
    “Тез жардам” кызматы да үч киши ооруканага жеткирилгенин ырастады.
    © Фото / Айбек Баратов
1 / 4
© Фото / Айбек Баратов
Борбор калаанын Токтогул жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде маршрутка менен Subaru Forester унаасы кагышты.

Ошондой эле жаракат алгандар маршрутканын жүргүнчүлөрү экенин кошумчалады. 

Аталган даректе жол кырсыгы катталганын Жол кыймылы коопсузугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы да тастыктап, үч адам жаракат алганын маалымдады. 

“Тез жардам” кызматы да үч киши ооруканага жеткирилгенин ырастады. 

Жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда. 

Тема:
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (243)

Тема боюнча

Үч жылда Бишкекте жол кырсыгынан "Тазалыктын" 6 кызматкери каза болгон
Кызын көтөрүп бараткан келинди сүзгөн унаанын айдоочусу камакка алынды
Маршрутка сүзгөн келиндин жолдошу: кызым эмчек издеп жатат
Белгилер:
жүргүнчү, жол кырсыгы, маршруттук такси
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ