21:30 20 Бирдин айы 2018
Түз эфир
Муштум. Архивдик сүрөт

Таласта таксистти сабап машинасын тартып алган деп казакстандыктар шектелүүдө

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
113 0 0

Шектүү адамдар вокзалдан милиция тарабынан кармалган

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Талас облусунда таксистти сабап, машинасын тартып алган деген шек менен Казакстандын эки тургуну кармалды. Бул тууралуу КР ИИМи билдирди.

Ага ылайык, 12-февралда кечки саат 20:30дар чамасында эки жаран таксист болуп иштеген тургунга келишкен.

Бейтааныш кишилер Audi-100 үлгүсүндөгү автоунаага отуруп, 24 жаштагы айдоочуга кол салышкан. Электрошокер менен коркутуп сабап, колу бутун байлап, машинанын артына салып Талас районун көздөй жөнөшкөн.

Көк-Ой айылына жеткенде машинанын бензини түгөнүп өчүп калган. Колу-буту байланган айдоочу эптеп бошонуп качып чыккан. Шектүүлөр айдоочунун акчасын, документтерин жана жеке буюмдарын алып из жашырган. Жабыр тарткан жаран окуя боюнча ички иштер органдарына кабарлаган.

Шектүүлөрдү кармоо үчүн чаралар көрүлүп, изи сууй электе Казакстандын 26 жана 22 жаштагы тургундары кармалып, алар Жамбыл облусунда жашай турганы аныкталган.

Шектүү адамдар вокзалдан милиция тарабынан кармалган.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Каракчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган жарандар Талас облусунун аймагында ушул сыяктуу кылмыш иштерине катыштыгы бардыгы текшерилүүдө.

Тема боюнча

Ноокенде аялдын колу-бутун байлап, үйүндөгү 1 млн. сомун карактап кетишти
Белгилер:
каракчылык, ИИМ, Талас, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ