Өлүм менен 28 саат алышкан бөбөк. Арсландын эмнеден чарчаганы аныктала элек

© AFP / LOIC VENANCEДетская больница в Париже
Детская больница в Париже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бөбөк ооруканага түшкөндөн кийин 28 саат өлүм менен алышып, акыры багынып берген. 9-февралда саат 11:00дөрдө денесин калтырак басып ооруканага түшүп, комада жаткан бойдон эртеси чарчап калган.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Каракол шаарындагы №14 бала бакчанын тарбиялануучусу, эки жашар Арсландын өлүмүнүн себеби дагы деле белгисиз. Бөбөктүн денеси облустук соттук-медициналык экспертиза мекемеси тарабынан союлуп, Бишкек шаарына жиберилген. Анын тыянагы бир айда келет.

Sputnik Кыргызстан окуянын кандай болуп кеткендигин билүү максатында бөбөктүн ата-энеси, бала бакчанын жана облустук милициянын өкүлү менен сүйлөштү.

Баланын денеси эмнеден көгала болгон?

Арсландын атасы Бактыбек Толубаевдин айтуусунда, баласы бакчага 08:45 чамасында жакшынакай эле жеткирилген. 

© © SputnikАрсландын атасы Бактыбек Толубаев
Расследование смерти 2-летнего Арслана в детском саду №14 в Караколе - Sputnik Кыргызстан
Арсландын атасы Бактыбек Толубаев

"9-февралда жубайым экөөбүз саат 8:45терде үйдөн чыгып, машина менен баланы бакчага жеткирдик. Ал эч жери оорубай, жакшынакай эле калган. Саат 11:06да уулумдун тарбиячысы чалып, "Арслан ооруп жатат. Бакчага келе калгыла" деди. Жолдо баратсак, "облустук ооруканага келгиле, биз ошол жактабыз" деди. Беш мүнөткө жеткен жок, кабылдамага кирсек, уулубуз дем ала албай, оозу-мурду көгөрүп кетиптир. Өтө оор абалда экен. Денесин калтырак басып жатат дешти. Дарыгерлер дары сайып, кислород коюшту", — деди Толубаев.

Центр здоровья Altagracia в Манагуа - Sputnik Кыргызстан
Чымчыктар ай!... Жакыны сабап, бычактап, кордогон бөбөктөр. Жүрөк титиреткен 7 окуя
Баланы ал жерден жүрөгү токтоп жатат деген дарыгерлер реанимацияга жайгаштырган. Атасынын айтымында, Арслан комага түшкөн. 2 жашар бөбөк өлүм менен 28 саат алышкан…. 10-февралда саат 16:00 чамасында жүрөгү токтогон.

"Биз балабыз эмнеге ушундай абалга түшкөнүн сураштырсак, уйкусу келип аткандан уктоочу бөлмөгө кирип кеткенин айтышты. Бакчадагылар аккордеон черткен кишиден коркчу деп жатышат. Ал саат 10:00дөн 10:30га чейин аккордеон чертчү экен. Музыкант келгенде эле уулум балдар жатуучу бөлмөгө кирип кетиптир. Менимче, ошол адам келгенде, балам берки бөлмөгө кирип, кулап калган. Жарым саат каралбай калса керек", — деди ызага муунган ата.

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуКаракол шаарындагы №14 бала бакча
Каракол шаарындагы №14 бала бакча - Sputnik Кыргызстан
1/3
Каракол шаарындагы №14 бала бакча
© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуКаракол шаарындагы №14 бала бакчасындагы тарбиячы
Каракол шаарындагы №14 бала бакчасындагы тарбиячы - Sputnik Кыргызстан
2/3
Каракол шаарындагы №14 бала бакчасындагы тарбиячы
© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуКаракол шаарындагы оорукана
Каракол шаарындагы оорукана - Sputnik Кыргызстан
3/3
Каракол шаарындагы оорукана
1/3
Каракол шаарындагы №14 бала бакча
2/3
Каракол шаарындагы №14 бала бакчасындагы тарбиячы
3/3
Каракол шаарындагы оорукана

Атасы баланын денесинде көгала тактар тууралуу айтып, анын эмнеден болгон деген суроого жооп таба албай турат.

"Уулубуздун жүрөгү токтоп калды дегенде эле чуркап кирип бардык. Бала оролуп туруптур. Бетинин сол жак капталы шишик тартып, көгала болуп калган экен. Бала комада жатканда, апасы экөөбүз убакыттын аралыгын алыс-алыс кылып көрүп жаттык. Бала сол жагы менен гана жаткан. Биз аны оң жагынан эле көрүп аттык. Биздин оюбузча, бала сол жагы менен жыгылып, ошондон кийин денесин калтырак баскан болушу мүмкүн. Бакчадагылар ооруп жүрчү деп атышыптыр. Ал ооруканага өпкөгө суук тийген деп жатып, дарыланып чыккан. Бишкекке барып, толук текшерилгенбиз", — деди атасы.

Дарыгер өлүмдү пневмонияга байланыштырбайт

Бөбөктүн мурда дарылап, кийин да жардамын көрсөткөн облустук борборлоштурулган оорукананын педиатры Эдил Садыков ооруканада былтыр 13-декабрдан 22-декабрга чейин өпкөсүнөн пневмония болуп дарыланып чыкканын билдирди. 

© © SputnikОблустук борборлоштурулган оорукананын педиатры Эдил Садыков
Расследование смерти 2-летнего Арслана в детском саду №14 в Караколе - Sputnik Кыргызстан
Облустук борборлоштурулган оорукананын педиатры Эдил Садыков

"Арслан мурда бизден толук сакайып чыккан. Пневмония өнөкөт оору эмес. Баланын организминде жаңыланып турган клеткаларда өнөкөт оору болбойт. Бул дарттын кесепети кичинекейлердин денесинде калбайт. Диагноз Бишкектен коюлуп, ошол боюнча дарыладык. Арслан өткөн жылдын 22-февралында ооруканадан чыккан. Бирок аны быйылкы февраль айы менен байланыштыруу мүмкүн эмес", — деди Садыков.

Дарыгер 9-февралда баланы кандай абалда алып келгендигин эстеди.

Ыйлап жаткан ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мени өлтүргөн апама кат: жек көргөндү үйрөнө элекмин
"Баланы бизге эсин жоготуп, калтырак баскан оор абалда алып келишкен, бирок пневмониянын бир да белгиси жок болчу. Жүрөгүнө массаж жасалып, бир сутка иштеген менен, аппарат аркылуу дем алып жатты. Тиги же бул себеп менен калтырак басты деп айтуу кыйын. Рентгенге тартканда пневмония жок болчу", — деди дарыгер.

Андан ата-эне айткан башынын оң тарабындагы шишик жөнүндө сурадык.

"Адам каза болгондо организмдеги бардык суюктук кайсы жагы менен жатса, ошол жагына сарыгат. Анан шишимик тарткансып, көгала болуп калат. Ошондон болушу мүмкүн", — деди Садыков.

Арсландын тарбиячысы эмне дейт?

Ал эми Арслан барып жүргөн №14 бала бакчанын тарбиячысы Нургүл Сыдыкова бала өзүн жаман сезгенде ага биринчи жардам көрсөтүлүп, андан соң ооруканага жеткирилгенин билдирди. 

© © SputnikАрслан барып жүргөн №14 бала бакчанын тарбиячысы Нургүл Сыдыкова
Расследование смерти 2-летнего Арслана в детском саду №14 в Караколе - Sputnik Кыргызстан
Арслан барып жүргөн №14 бала бакчанын тарбиячысы Нургүл Сыдыкова

"Мен ал күнү кадимкимдей эле жумушта болчумун. Бир кезде жардамчым мага келип, бала кыйналып атканын айтты. Чуркап барсам, оозу көгөрүп кетиптир. Көтөрүп алып медайымга барсам, биринчи жардам көрсөттү. Тез жардамга телефон чалып, ал кечиккендиктен такси чакырдык. Анысы да кечиге баштаганда баланы көтөрүп, Ахунбаев көчөсүнө чыгып, келе жаткан бир машинаны тосуп, ооруканага жеттик. Жолдон демигип, кыйналып жатты. Ооруканага жеткенде дары сайышты. Анан ата-энеси келип калды", — деп айтты.

Сыдыкова Арслан мурда да ооруп, бакчага келбей калган күндөрү болгон деп айтты.

Колунда илгич кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ата-эне баласын эмнеге көгала койдой сабайт? Кордолгон наристе көрсөң кыя өтпө
Аталган бала бакчанын башчысы Аида Аракеева Арслан 2017-жылдын сентябрь айында бакчага кабыл алынганын, ал эми анын тарбиячысына ата-энерлерден арыз түшпөгөнүн билдирди. Ал эми бул окуя боюнча медициналык экспертизанын тыянагын күтүп жатканын кошумчалады.

Арсландын энеси бөбөк жерге берилгендигин, анын алдында облустук соттук-медициналык экспертиза мекемеси тарабынан союлуп, андан алынган үлгүлөр Бишкек шаарына жиберилгенин, тыянагы бир айда келерин күтүп жатышкандыгын айтып берди.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Сталбек Усубакунов бул окуя боюнча азырынча ички иштер кызматы тарабынан иш козголо электигин, бирок териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын айтты.

Sputnik Кыргызстан агенттиги акыркы жылдары Кыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулук боюнча жети мисалды тизмектеди.

Жаңылыктар түрмөгү
0