Аксы районунан чек араны бузган Молдованын эки жараны кармалды

Жазылуу
Алар Өзбекстанга өтүүнүн жолун издеп жүрүшкөн

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сары-Көпүрө аймагынан чек ара режимин бузган Молдованын эки жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Ага ылайык, 13-февралда 42 жана 49 жаштагы жарандар кармалган. Алар Өзбекстандын аймагына кирүү жолун издеп жүрүшкөн.

"Молдованын жарандары Кыргызстанга Тажикстандан 2017-жылдын апрелинде келишкен. Сурамжылоо маалында молдовалыктар Кыргызстандын аймагында жүрүү мөөнөтү 2018-жылдын январь айында бүткөндүктөн, учурда алар Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөнү белгилүү болду", — деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү документтер толтурулган соң чет өлкөнүн жарандары УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0