Бишкекте лифттин шахтасына эки киши кулап, бирөө каза тапты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЛифттин шахтасы. Архив
Лифттин шахтасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык курулушта коопсуздук эрежеси сакталбагандыктан келип чыккандыгы айтылууда

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Борбор калаада курулуп жаткан соода борборунун бириндеги лифттин шахтасына кулап кеткен эки кишинин бири ошол жерде жан берди. Бул туурасында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кырсык 13-февраль күнү түш ченде Түштүк магистраль менен Чыңгыз Айтматов атындагы көчөнүн кесилишинде болгон.

"Эки жумушчу монтаждоо иштерин жасап жатып, лифттин шахтасына кулап түшкөн. Кырсыкка көпүрө катары коюлган жабдуулардын туура эмес орнотулушу себеп болгон, иштеп жаткан учурда алар үзүлүп кеткен", — деп айтышты аталган инспекциядан.

Национальный центр охраны материнства и детства в мкр. Джал - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги бала бакчанын тепкичинен кулаган бөбөк ооруканага түштү
Иштеп жаткандардын бири ошол жерден жан берсе, экинчиси ооруканага жеткирилген. Маалыматта анын олуттуу жаракат албаганы кабарланган.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциднан аталган факты боюнча териштирүү иштери башталгандыгын айтышты.

Буга чейин да Бишкектин борбордук бөлүгүндө курулуш жүрүп жаткан жерде 16-кабаттан кулап кеткен кытайлык жаран каза болгон

Жаңылыктар түрмөгү
0