21:32 19 Баш оона 2018
Түз эфир
  • USD69.4557
  • EUR79.1552
  • RUB1.0386
Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Сыймык Курманбек уулу менен Кылыч Сатыналиев Баба-Чал кыштоосунан дөбөт карышкырды атып өлтүрүшкөнүн аймактык кабарчы маалымдады

Ак-Талаадагы мергенчилер жылкы жеп жаткан дөбөт карышкырды атып өлтүрүштү

© Sputnik / Нурзада Мукашева
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
297 0 0

Аймакта карышкыр көбөйүп жаткандыктан, жергиликтүүлөр чоң мылтык сатып алуу үчүн каражат чогулта баштаган

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Сыймык Курманбек уулу менен Кылыч Сатыналиев Баба-Чал кыштоосунан дөбөт карышкырды атып өлтүрүшкөнүн аймактык кабарчы маалымдады.

В селе Баетов, Ак-Талинского р-на Нарынской области местными жителями был убит волк нападавший на лошадей
© Sputnik / Нурзада Мукашева
Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Сыймык Курманбек уулу менен Кылыч Сатыналиев Баба-Чал кыштоосунан дөбөт карышкырды атып өлтүрүшкөн

Мергенчилердин айтымында, карышкырлардын кой, жылкыларга кол салуусу тургундарды оңбогондой чыгым тарттырууда.

"Төрт карышкыр бир бээни жеп жатканын көрүп, мылтыктан ок чыгардык. Бирок бирөөсүнө эле тийип калганы качып кетти. Муну союп терисин айыл өкмөткө тапшырып беребиз", — деди Курманбек уулу.

В селе Баетов, Ак-Талинского р-на Нарынской области местными жителями был убит волк нападавший на лошадей
© Sputnik / Нурзада Мукашева
Мергенчилердин айтымында, карышкырлардын кой, жылкыларга кол салуусу тургундарды оңбогондой чыгым тарттырууда

Ал ошондой эле аймакта карышкыр көбөйүп жаткандыктан, жергиликтүүлөр чоң мылтык сатып алуу үчүн каражат чогултуп жатышканын билдирди.

Казакстанда өлүмүш болгон карышкыр мергенчини жара тартып сала жаздаган.

Тема боюнча

Баткенде 14 жылкыны жеп кеткен карышкырлардын тогузу атып өлтүрүлдү
Тоңдун тургундары малга кол салган карышкырдын дөбөтүн атып алышты
Белгилер:
мергенчилик, карышкыр, Ак-Талаа
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ