ЖМК: Анкарада кыргызстандык кыздарды сойкулукка мажбурлаган 8 киши кармалды

© AFP 2023 / STRINGERЖертва торговли людьми в Ливане
Жертва торговли людьми в Ливане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдамчылар кыздарды турмушка чыгасыңар же иш таап беребиз деп алдап чакырышкан

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Анкара полициясынын адеп-ахлак бөлүмүнүн кызматкерлери кыргызстандык кыздарды сойкулукка мажбурлап иштеткен сегиз кишини кармады. Бул тууралуу Haberler басылмасы билдирди.

Теракт в Кабуле - Sputnik Кыргызстан
Тирүүлөй жыныстык мүчөсүн кесип салган... Декабрдагы чуулуу 8 соттук чечим
Маалыматка ылайык, кармалган жарандар Украинадан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Молдовадан кыздарды Түркиядан күйөө же жумуш таап беребиз деп алдап чакырып турушкан.

Келгендердин документтерин алып, сойкулукка мажбурлап иштетишкен. Кармалгандар мындай ыкма менен алты аялды алдаганга жетишкен.

Басылманын жазышынча колго түшкөндөрдүн бирөө сойкулукка азгырган деп буга чейин да жоопкерчиликке тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0