Милициядан 17 жыл жашынып жүргөн кыргызстандык аял Россияда кармалды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүРассмотрение суда по делу Халимат Расуловой и Магомеда Расулова
Рассмотрение суда по делу Халимат Расуловой и Магомеда Расулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көп көлөмдөгү баңгизаттарын сактаган үчүн аялга Кыргызстанда кылмыш иши козголгон

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Жаңы Уренгой (Россия) аймагында полициянын кызматкери баңгизаттарын мыйзамсыз айланткандыгы үчүн 17 жылдан бери федералдык издөөгө алынган Кыргызстандын 58 жаштагы жаранын кармады. Бул туурасында Россиянын ИИМинин аймактык транспорттук башкармалыгынан кабарлашты.

Самые красивые преступницы мира — видео - Sputnik Кыргызстан
Эң чырайлуу кылмышкер аялдар көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Видео
Ал тартип сактоочулардын көзүнө темир жол менен Жаңы Уренгойго баруу үчүн билет алганда илинген. Полиция кызматкерлери аны акыркы станцияга келишин күтүп туруп, колго түшүргөн.

Маалыматка караганда 58 жаштагы аял ири көлөмдөгү баңгизат сактап сатканы үчүн Кыргызстанда ага кылмыш иши козголгон. Мындан улам ал Вологда облусунун Череповец шаарында жашап жүргөн. Учурда полиция Кыргызстандын тартип коргоо органдары менен аны мекенине депортация кылууну сүйлөшүп жаткандыгы маалымдалды.

Баса, буга чейин Кыргызстанда 11 жылдан бери дайынсыз кеткен кызды табышты. Бирок ал кылмыш кылган эмес. 2007-жылы үйдөн чыгып кеткен боюнча дайын-дарегин билдирбей койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0