Ысык-Көлдө өрттөн 41 жаштагы киши каза тапты

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүү кызматкерелри. Архив
Өрт өчүрүү кызматкерелри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пансионаттын короосунда котедж жана жалпы аянты 120 чарчы метр жер өрттөнгөн

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Ысык-Көл районунда Булан-Сөгөттү айылындагы пансионаттын коттеджиндеги өрт бир кишинин өмүрүн алып кетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Фламинго" пансионатынын короосунда котедж жана жалпы аянты 120 чарчы метр жер өрттөнүп, 41 жаштагы жаран каза болгон", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда чыккан өрттөрдүн себептери �жана кесепеттери - Sputnik Кыргызстан
Жыл башынан бери өрттөн 50 киши каза болгон. Тилсиз жоодон кантип сактануу керек
ӨКМден учурда өрттүн себеби такталып жаткандыгын билдиришти.

Кыштын келиши менен өлкөдө өрт кырсыктары арбын катталууда. Мындан төрт күн мурда Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарында турак үйдүн полу өрттөнүп, эки киши көз жумган.

Республикалык күйүк борборунун алынган репортаж баяндан күйүккө кабылгандардын тагдыры, дарыгерлердин иши туурасында тааныша аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0