Таласта Nissan Cefiro менен Honda Stepwgn кагышып, бир айдоочу каза тапты

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаа. Архив
Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыркаган төрт киши ооруканага жеткирилген

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Талас районунда Nissan Cefiro менен Honda Stepwgn кагышып, жеңил унаанын айдоочусу каза болгонун ӨКМ билдирди.

Автонаезд на четырех учителей в городе Кербен - Sputnik Кыргызстан
Аксыда мугалимдердин өмүрүн алган кырсыктын чоо-жайы
Маалыматка ылайык, кырсык 10-февраль күнү кечинде болгон. Көз жумган айдоочунун 32 жашта экени аныкталды. Эки унаадагы жабыркаган төрт адам Талас облустук ооруканага жеткирилген.

Ошол эле күнү Аксынын Кербен шаарында милиционер айдап кеде жаткан унаа жолдон тайгаланып, жол боюндагы төрт мугалим аялды сүзүп кеткен. Кырсыктан 30 жаштагы эки мугалим каза таап, дагы биринин абалы учурда оор экени айтылууда. Маркумдардын артында төрт бала калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0