Кара-Балта: башына ок жеген киши ооруканага машина менен өзү келген

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүОлимпиада 2016. Стрельба. Мужчины. Скоростной пистолет
Олимпиада 2016. Стрельба. Мужчины. Скоростной пистолет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 9-февралда түштөн кийин болгон

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кара-Балта шаарындагы ооруканага башына ок жеген киши өзү барганын Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы маалымат булагы билдирди.

Анын айтымында, окуя 9-февралда саат 14:00дөр чамасында Кожомбердиев көчөсүндө катталган. 29 жаштагы жергиликтүү тургунду үйүнүн алдынан жарадар кылып кетишкен.

"Аны травматикалык тапанча менен атышкан. Ок чыкыйга тийип, кан тамырларды жабыркаткан. Ал автоунааны айдап алып, ооруканага өзү келген. Жабыркаган жаран учурда жандандыруу бөлүмүндө. Эмне болгонун деле так айтып бере алган жок. Андыктан окуя кандай болгонун билбейбиз", — деди маалымат булагы.

Окуяны териштирүү үчүн ыкчам иш-аракеттер көрүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0