Кара-Сууда "Йакын инкар" диний агымынын 24 мүчөcү эркинен ажыратылды

© AFP / ALAIN JOCARDАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттолгон 24 жарандын көпчүлүгү Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынан келген тургундар

ОШ, 6-фев. — Sputnik. Кара-Суу райондук соту тыюу салынган радикалдуу "Йакын инкар" диний агымынын 24 мүчөсүн эки жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу райондук милициянын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграциянын аракеттерине каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Руслан Омошев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, 24 жарандын көпчүлүгү Кара-Суу районунун аймагына Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынан келип, "Йакын инкар" диний агымынын ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишкен.

Теспе кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Инкар-Йакын" диний кыймылы кантип пайда болгон?
"Мыйзамга каршы иш-аракеттерин жүргүзүп келген 24 адам Кара-Суу РИИБи жана УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте кармалган. Райондук сот тарабынан бул жарандар эки жылга эркинен ажыратылды. Уюмга тыюу салына элек мезгилде аталган жарандар муфтияттын же казыятын атайын уруксат кагазын албастан үгүт иштерин жүргүзүп жаткандыгы аныкталып, соттун чечими менен ар бирине 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган эле", — деди Омошев.

Ал ошондой эле Кара-Суу районунда "Йакын инкар" диний агымынын мүчөлөрү активдешип, саны кескин көбөйгөндүгүн кошумчалады.

"Бул көйгөйлүү маселе деп айтсак болот. Себеби 2018-жылы бир ай аралыгында эле он мүчөсү каттоого алынды. Алар Жалал-Абад облусунун Сузак районунан келген жарандар экендиги аныкталды. Учурда бул боюнча төрт кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", — деди Омошев.

Райондук милиция кызматкерлери жана райадминистрация жетекчилери радикалдуу агымдар тууралуу жергиликтүү жашоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, маалыматтар камтылган баракчаларды таркатып жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0