УКМК: үй тоноого шектелген милиция кызматкерлери камакка алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековМужчина c дубинкой в руке. Архивное фото
Мужчина c дубинкой в руке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектелүүчүлөр УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Жалал-Абад ОИИБинин бир жана ИИМдин криминалдык милициясынын эки кызматкери үй тоноо боюнча шектелип жатат. Бул маалыматты УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов тастыктады.

Конфликт людей - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги курсанттардын мушташынын чоо-жайын милиция айтып берди
Анын айтымында, кызматкерлер батирди тоноду деп шектелип, учурда УКМКнын убактылуу жайына киргизилген. Иликтөө иштери уланууда.

Сулайманов окуянын чоо-жайы кийинчерээк айтыларын билдирди.

Эске салсак, өткөн жылдын аягында Чүй облусунун Жайыл районундагы ошол убактагы Кайгуул милициясынын кызматкери өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Алгач ЖМКларга 26 жаштагы милиционерди белгисиз кишилер бычактап кетти деп жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0