ӨКМ: Кыргызстанда күн мурун үч жолу жер титиреди

© AFP / FREDERICK FLORINСлучаи землетрясения
Случаи землетрясения - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зилзала өлкөнүн үч облусунда байкалган

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. 3-февраль күнү Кыргызстандын үч аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Эмне үчүн жер титирөөлөр болот
Билдирүүгө ылайык, ишемби күнү 09:44 чамасында Чүй облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Анын очогу Бишкек шаарынан 70 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Ушул эле күнү саат 10:06да Жалал-Абад облусунда күчү 3 баллга жеткен экинчи жер титирөө болгон.

Түштөн кийин саат 15:03тө Ош облусунун тургундары күчү 3,5 баллга жеткен жер силкинүүнү сезишкен. Зилзаланын очогу Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылынан 14 чакырым алыстыкта жайгашкан.

ӨКМдин алдын ала маалыматтары боюнча жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Былтыр Кыргызстанда катталган каргашалуу кырсыктар тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0