Бишкек — Алматы трассасында 10 унаа кагышты. Кырсыктан кийинки видео

© AFP / PHILIPPE HUGUENОбильный снег в Говеаверсвельде, на севере Франции
Обильный снег в Говеаверсвельде, на севере Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алматы облусунун саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, кырсыктан алты адам жабыркаган

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Бишкек — Алматы трассасында ири жол кырсыгы болгонун Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Күбөлөрдүн айтымында, 3-февраль күнү саат 10.00дөр чамасында Каргалы айылынын аймагында кеминде 10 унаа кагышкан.

Кырсыктан кийинки видеону kris_p_almaty Instagram порталы жарыялады.

Ал эми tengrinews порталы, Алматы облустук саламаттык сактоо башкармалыгына шилтеме берип, кырсыктан алты адам жабыркаганын жазды.

 

 

"Төрт адам амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Экөөнүн баш мээси чайкалып ооруканага жаткырылды", — деп дарыгерлер айтып берген.

Жол кырсыктын күбөлөрү эмнелерди жасабашы керектигин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0