Аткаминерлерден үй суроо үчүн Ак үйгө кирем деген жигит ооруканада жатат

Жазылуу
Милициянын кызматкерлеринин айтымында, ал мас болгон

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Борбор калаанын милиция кызматкерлери мас тейде Ак үйгө кирүүгө аракет кылган жигитти кармап калышты. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

Случаи поножовщины в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
ШИИБ: акылынан айныган жаран милициянын майорун бычактады
Ал жигит тартип сакчыларына Ак үйгө кирип, президент Сооронбай Жээнбеков менен Жогорку Кеңештин депутаттарынан жардам суроого ниеттенгенин айтып берген.

Маалымат кызматынын айтканына караганда, ал Бишкек шаарына Ош облусундагы айылдардын биринен келип, президент менен депутаттардан кичине, эски болсо да үй суроого камынганын билдирген.

Жигитти кармагандан кийин мобилдик батальондун кызматкерлери ал психикалык жактан ооруй турганын жана аны ооруканага жаткырышкандыгын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0