Сузакта мугалим аялды уруп өлтүрүүгө шектелген айылдашы колго түшүрүлдү

Жазылуу
2017-жылдын 28-январында Сузак районунун Гавриловка айылында 52 жаштагы аялдын зомбулук менен өлтүрүлгөн сөөгү өз үйүнөн табылган.

ЖАЛАЛ-АБАД, 2-фев. — Sputnik. Сузак районунун Гавриловка айылында 52 жаштагы аялды өлтүрүүгө шектүү делинип, маркумдун айылдашы колго түшүрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Мыктыбек Турдубеков билдирди.

Анын айтымында, аялдын сөөгү 2017-жылдын 28-январында табылган. Анын денесинде зомбулук менен өлтүрүлгөнүн көрсөткөн белгилер калган.

"Маркумдун жакындары окуя тууралуу Сузак райондук ИИБдин милиция кызматкерлерине билдиришкен. Алгачкы тергөө иштеринин жүрүшүндө ыкчам топ жана тергөөчүлөр окуя болгон жерден кийимдин бөлүгүн табышкан. Ал эркек кишиге таандык экени аныкталган. Ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери шектүү катары аталган айылдын 51 жаштагы жашоочусун колго түшүрүшкөн. Шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди", — деди Турдубеков.

Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү мас абалында маркумдун үйүнө барып, экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Анын кесепетинен шектүү үй ээсин ур-токмокко алып, кол көтөргөн. Аял алган жаракатынан улам көп узабай каза болгон.

Күрөк кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күрөк менен сабап... Сузакта үй-бүлөгө кол салууга шектелип 23 жаштагы жаран кармалды
"Топтолгон материалдардын негизинде Сузак райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иш козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Маркум айылдык орто мектепте көп жылдардан бери мугалим болуп иштеп келген", — деди милиция өкүлү.

Ал ошондой эле бул кылмыш ишти Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги көзөмөлүнө алгандыгын, учурда козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө улантылып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0