Эл аралык издөөдөгү чет элдик жаран Кыргызстандан кармалды

© AFP / ANTHONY WALLACE Кол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта колго түшүрүлгөн киши өнөктөш мамлекетке өткөрүп берилди

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Экстремисттик мүнөздөгү кылмыш жасаганы үчүн эл аралык издөөгө алынган КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны Кыргызстандан кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Ири көлөмдө синтетикалык баңгизаттарын чыгарып аны таратуу менен алектенген кылмыштуу топ милициянын торуна түштү - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда спайс саткан кыргызстандыктар кармалды
Маалыматка ылайык, колго түшүрүлгөн 47 жаштагы У.А. эл аралык террордук топтун жетекчилеринин буйругу менен Фергана өрөөнүндө үгүт аянтчасын түзгөн. Кылмыш иштерин жүзөгө ашыруу үчүн жасалма документтерди, аны менен бирге Кыргызстандын жарандык паспортун пайдаланганы айтылды.

Ушу тапта кармалган киши өнөктөш мамлекеттердин тиешелүү органдарынын өкүлдөрүнө өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0