Аксы районундагы шахтада 26 жаштагы кишини таш басып калды

© REUTERS / Kacper Pempel / File PhotoУгольная шахта в Польше
Угольная шахта в Польше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, кырсык 31-январда болгон

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Тыт айылында мыйзамсыз көмүр казылып жаткан шахтада Жолборсту айылынын 26 жаштагы тургунун таш басып калды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, кырсык 31-январда болгон.

"Куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн саат 16:38де 12 куткаруучу тартылып, саат 21:30да кишинин сөөгү шахтадан чыгарылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Куткаруучулар маркумду ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0