Ошто наристе 5-кабаттан кулап чарчап калды. Милиция окуя тууралуу

© AFP / MIGUEL RIOPAСлучаи падения с высотного дома детей
Случаи падения с высотного дома детей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кошуналар үйдө жалгыз калган баланын ашкананын ачык турган терезесинде турганын көрүшкөн

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Ош шаарында Кулатов кичи шаарчасындагы көп кабаттуу үйдүн бешинчи кабатынан кулап кеткен беш жаштагы бала чарчап калганын калаа милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 23-январь күнү саат болжол менен 15.50лөрдө болгон.

"Баланын атасы жумушта экен. Апасы кичүү кызын алганы бала бакчага кеткен. Кошуналар үйдө жалгыз калган наристенин ашкананын ачык турган терезесинде турганын көрүшкөн. Бирок кырсык болуп кетет деп ойлошкон эмес", — дешти милициядан.

Ушу тапта окуяны Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы териштирип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0