Ошто үй ээсин коркутуп 222 миң долларын алып кетти делген дагы эки киши кармалды

© AFP / NOEL CELISКол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүүлөр Бишкек шаарынан кармалып, Ош шаардык ИИБге алып келинди

ОШ, 23-янв. — Sputnik. Ош шаарында үй-бүлөнүн 222 миң долларын карактап кетүүгө шектелип дагы эки жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Ага ылайык, Бишкектен кармалган эки шектүү Ош шаардык ИИБге алып келинди.

"Шектүүлөр Аксы районунда туулган 25 жаштагы жана Кара-Суу районунда туулган 30 жаштагы кишилер экени аныкталды. Алар жашап жаткан батир тинтүүгө алынып, чоң суммадагы акча каражаты табылды", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2017-жылы 29-декабрда саат 22:30дар чамасында азиат улутундагы беткап кийген белгисиз кишилер "Ак-Тилек" кичи районундагы үйлөрдүн бирине кол салган. Алар ичинде 10 миң доллар, 560 миң рубль (10 миң доллардай) жана 14 миллион сом (202 миң доллардай) жана документтери бар сейфти көтөрүп кетишкен. Ошол эле күнү кылмышка шектелип үч адам кармалган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0