Бахрейндик жаранды Бишкекке алдап чакырган пакистандыкка кылмыш иши козголду

© REUTERS / Nazanin Tabatabaee Yazdi / TIMAЖизнь в Тегеране
Жизнь в Тегеране - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алданып калган адамды Кыргызстанга окууга өткөрөм деп пакистандык Хизар аттуу жаран чакырган

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. 29 жаштагы бахрейндик жаранды Кыргызстанга окууга өткөрөм деп алдап чакырган пакистандык колго түшүрүлгөнүн ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Өткөн жылдын 11-октябрында келген "абитуриентти" "Манас" аба майданынан Хизар деген адам тосуп алган. Окууга өткөрүп, визаңды узартып берем деп андан 2 миң доллар акча алган дагы ошол бойдон жок болуп кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Ошентип жабырлануучу үч айдан көбүрөөк убакыт Бишкекте каттоосу жок, мыйзамсыз жашаган.

Алгач аны таап алган милиция кызматкерлеринин колуна кийин шылуундук менен алектенген Хизар дагы түштү.

Аталган факты боюнча КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 204 (Мыйзамсыз миграция уюштуруу), 166-беренелери (Шылуундук) менен кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0