ИИМ: Кыргызстандыктар Россиядан Тажикстанга унаа уурдап барып, баңгизатка алмашчу

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүАвтомобильные воры
Автомобильные воры - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уурдалган унааны "мыйзамдаштыруу" боюнча 38 факты катталган. 19 адамга кымыш иши козголду

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Россияда бул өлкөнүн жарандары менен биргеликте унаа урдоо менен Кыргызстанда туулуп-өскөн адамдар алектенип жүргөн. Бул тууралуу КР ИИМинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Бирдирмеге караганда, алар алгач унааны уурдап туруп, кийин ЕАЭБдин аймагында мыйзамдаштыруу үчүн жасалма документ даярдашчу. Машиналарды Россиядан Казакстанга алып өтүп, жергиликтүү кылмышкерлердин коштоосунда Кыргызстанга киргизишчү. 

BMW X5 автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
BMW X5 — 5,5 миң доллар. Кыргызстандагы эң ири унаа базарындагы баалар
Бул жерден идентификациялык номерин, моторун, кузовун алмыштырып, ал эми Мамкаттоо кызматынан айрым кызматкерлери мыйзамсыз каттоого алып турган. 

Кийин унааларды Тажистандын чек арасына жеткирип, ал жерден кыргызстандыктардан турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү күтүп алчу. Алар унааны баңгизатка алмаштырып, жаңы товарын Россияга сатууга жөнөтүшчү. 

Маалыматта айтылгандай, бул кылмышка ЕАЭБ курамына кирген бардык өлкөлөрдүн укук корго органдарынын жана каттоо кызматтарынын өкүлдөрүнүн тиешеси бар. 

Уурдалган унааны "мыйзамдаштыруу" боюнча 38 факты катталган. 19 адамга кымыш иши козголду. Алардын 11и камакка алынып, дагы үч адамга издөө жарыяланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0