Ысык-Көлдө чычырканактын арасынан тоңуп калган кишинин сөөгү табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековТуристический сезон на Иссык-Куле
Туристический сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция учурда маркумдун ким экенин аныктап жатат

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарынын пляжындагы чычырканактын арасынан жергиликтүү тургундар тоңуп калган кишинин сөөгүн табышкан. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, сөөктү жергиликтүү тургундар 17-январда табышкан.

"Сөөк тоңуп калгандыктан аял, же эркек экенин ажыратууга мүмкүн эмес. Ошондой эле жашын дагы аныктаганга болбой жатат. Сөөк көпкө жатып калгандыктан аны карга-кузгун чокуп, ит жеп кеткен", — деп милициядан маалымдашты.

Азыр сот-медициналык экспертиза дайындалды. Эгер андан зордук-зомбулуктун белгилери байкалса, аталган факты боюнча кылмыш иши козголот.

Жаңылыктар түрмөгү
0