Ысык-Көлдө "Нива" жардан дарыяга кулап эки адам мерт болду

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүАвтодорога "Иркутск — Чита"
Автодорога Иркутск — Чита - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жардан кулаган унаа бир нече ирет аласалып дарыяга кулаган

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдө жеңил унаа кырсыктап айдоочусу менен жүргүнчүсү каза тапты. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан (ЖКККБ) билдиришти.

Окуя 18-январь күнү түнкү саат 01.30дар чамасында Чоң-Талды-Суу капчыгайында болгон.

"Эңилчек айылынын 36 жаштагы тургуну Чоң-Талды-Суу капчыгайынын түштүгүнөн түндүктү көздөй "Нива-Тайга" үлгүсүндөгү унаасы менен кетип бараткан. Ал рулду башкара албай калгандыктан машина жардан кулап бир нече ирет аласалган. Унаа тоңуп калган Сары-Жаз дарыясына кулаган", — деп айтылат маалыматта.

Окуянын кесепетинен унаанын айдоочусу жана 26 жаштагы жүргүнчүсү мүрт кеткен. Ал эми 53 жаштагы дагы бир жүргүнчү оор жаракат алып, Ак-Суу райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жактырылган.

ЖКККБ айдоочуларга жолго чыгар алдында аба ырайына маани берүү керектигин эскертет!

Жаңылыктар түрмөгү
0