Ички иштер министрлигинин жанынан Mercedes автоунаасы бакты сүздү

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуДТП на пересечении улиц Тыныстанова и Фрунзе
ДТП на пересечении улиц Тыныстанова и Фрунзе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунаа Фрунзе көчөсү менен батышты көздөй бараткан

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Mercedes Benz S550 AMG үлгүсүндөгү автоунаа Тыныстанов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде Ички иштер министрлигинин жанындагы бакты сүзгөнүн күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгы саат 19:30дар чамасында болгон. 

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуДТП на пересечении улиц Тыныстанова и Фрунзе
ДТП на пересечении улиц Тыныстанова и Фрунзе - Sputnik Кыргызстан
ДТП на пересечении улиц Тыныстанова и Фрунзе

"Mercedes Фрунзе көчөсү менен батышты карай катуу ылдамдыкта бараткан. Айдоочу рулду башкара албай бакты барып сүздү окшойт. Машинанын ичинде эки киши бар болчу, бактыга жараша эч ким жабыркаган жок", — деди күбө.

Кырсык болгон жерде милиция кызматкерлери иштеди.

Жаңылыктар түрмөгү
0