Бишкектеги тейлөө станциясындагы өрт. Бир адам каза болуп, үч унаа күйүп кетти

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүПожар на складе лакокрасочных материалов в Волгограде
Пожар на складе лакокрасочных материалов в Волгограде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Техникалык тейлөө станциясынын ичинен бир адамдын күйүп калган сөөгү табылган

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Свердлов районунун Красный Строитель жаңы конушунда техникалык тейлөө станциясы менен бир нече унаа күйүп кетип, бир адам каза болгондугу тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

"Жалпы аянты 150 чарчы метр техникалык тейлөө станциясы, вулканизация, унаа тетиктерди сатуучу дүкөн толугу менен күйгөн. Ошондой эле сыртта турган Toyota Corolla, Audi 100 жана "Жигули" унаалары өрттөндү", — деп айтылат маалыматта.

Билдирмеге караганда, техникалык тейлөө станциясынын ичинен бир адамдын күйүп калган сөөгү табылган. Анын аты-жөнү жана өрттүн себеби такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0