Россиядагы мекендештер 5-кабаттан кулаган кыргыз келинге 195 миң сом чогултуп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековЦентр лечения патологии почек в Бишкеке
Центр лечения патологии почек в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда бейтап Москва шаарындагы №15 клиникалык ооруканада кезектеги операцияга даярданууда

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Москвада иштеп жүрүп, 5-кабаттан кулап кетип оор жаракат алган кыргызстандык Жаркынай Юсуповага элден 195 миң 680 сом (160 миң рубль) өлчөмүндө жардам көрсөтүлдү. Бул туурасында Миграция кызматынан кабарлашты.

Маалыматта каражатты Миграция кызматынын жана окуяга кайдыгер карабаган мекендештердин демилгеси менен Россияда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын, диаспоралардын чогултканы айтылган. 160 миң рубль Юсупованын дарылануусуна жана кезектеги операциясына жумшалмакчы.

Аэропорттогу жүргүнчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигрант кантип тузакка түшөт. 100 млн. рублга алданган Россиядагы кыргыздар
Учурда бейтап Москва шаарындагы №15 клиникалык ооруканада кийинки операцияга даярданууда.

Жардам чогултуу иштерине катышкан KG-ROSS коомунун мүчөсү Зулпидин Нурматов учурда элден Юусуповага акча чогултуу токтой электигин, жыйналган жалпы сумма жакынкы күндөрү так айтыларын билдирди.   

Нурматов кошумча маалымат катары Юсупова жакынкы күндөрү Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып келинерин айтты. 

Юсупова Майлуу-Суу шаарынан болот, 5-класста окуган кызы бар. Анын Москва шаарында иштегендигине 10 жылга аяк баскан.

Эске салсак, келин 2017-жылдын 1-январь күнү терезеден буту тайып, учуп кетип кырсыктаган.

Sputnik Кыргызстан бейтаптын өзү менен байланышканда ал операцияга 300 миң рубль керек болуп жаткандыгын айткан эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0