Ысык-Көлдө үй өрттөнүп, эки адам каза болду

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүү кызматкерлери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыкка тамеки тартууда өрт коопсуздугунун эрежелери сакталбагандыгы себеп болгон

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ак-Суу районунун Тегизчил айылында бир үйдөн өрт чыгып, эки адам каза болгондугун ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

"Турак-жайдын полу жана үй эмеректери күйгөн. Кырсык болгон жерден 69 жана 54 жаштагы эки адамдын сөөктөрү табылды", — деп айтылат билдирмеде.

Алдын ала маалыматтарга караганда, тамеки тартууда өрт коопсуздугунун эрежелери сакталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0