12:19 22 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD68.8080
  • EUR81.1487
  • RUB1.0386
Бишкек — Ош жолунда таш кулап жеңил унааны басып кала жаздаган

Ош — Бишкек жолунда кулаган таш машинеге тийип кишилер жабыркады. Сүрөт

© фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (275)
2419 0 0

Кара-Көл шаарынын аймагында кулаган таш Mazda 626 унаасынын капталына тийип, бир жүргүнчү жаракат алган.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда кулаган таш жеңил унаага тийгенин Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

  • Бишкек — Ош жолунда таш кулап жеңил унааны басып кала жаздаган
    Бишкек — Ош жолунда таш кулап жеңил унааны басып кала жаздаган
    © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
  • Унаанын ичинде беш адам болгон. Алар ар кандай жаракат алышкан
    Унаанын ичинде беш адам болгон. Алар ар кандай жаракат алышкан
    © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
  • Ал эми ӨКМдин маалымат кызматы кечээ, 13-январда 18.20лар чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 401-чакырымына (Кара-Көл шаары) 250 метр куб таш түшүп жолдун бир тарабын жаап калганын билдирген
    Ал эми ӨКМдин маалымат кызматы кечээ, 13-январда 18.20лар чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 401-чакырымына (Кара-Көл шаары) 250 метр куб таш түшүп жолдун бир тарабын жаап калганын билдирген
    © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
  • Аталган аймакка бир техника тартылып кечки саат 22.30да жол каттамы толук ачылган.
    Аталган аймакка бир техника тартылып кечки саат 22.30да жол каттамы толук ачылган.
    © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
1 / 4
© фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
Бишкек — Ош жолунда таш кулап жеңил унааны басып кала жаздаган

Анын айтымында, унаанын ичинде беш адам болгон. Алар ар кандай жаракат алышкан.

Ал эми ӨКМдин маалымат кызматы кечээ, 13-январда 18.20лар чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 401-чакырымына (Кара-Көл шаары) 250 метр куб таш түшүп жолдун бир тарабын жаап калганын билдирген.

"Mazda 626 үлгүсүндөгү жеңил унаанын арткы капталына таш тийип, бир жүргүнчү жеңил жаракат алган. Ага куткаруучулар тарабынан алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Аталган аймакка бир техника тартылып кечки саат 22.30да жол каттамы толук ачылган.

Учурда Бишкек — Ош жолунда унаа каттамы ачык. Тыгылып калган унааларды тартып чыгаруу максатында КР Куралдуу күчтөрүнүн Штабы тарабынан бөлүнгөн эки МТ-ЛБ аскер чиркегич унаасы (тягач) 231-чакырымында (Итагар) жана 132-чакырымында (Төө-Ашуу) нөөмөттө турат.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Тема:
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (275)

Тема боюнча

Бишкек — Ош жол каттамдары ачылып, унаалар өтүп жатат
Чычкандагы үрөй учурган кырсыктан айылдаштар мүрт кеткени такталды
Белгилер:
таш, куткаруу, жол, жардам, Кара-Көл
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ