Казакстанда унаа алдында калган кыргызстандык жаран каза тапты

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүАвтомобильная "Гонка звезд "За рулем"
Автомобильная Гонка звезд За рулем - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги маркумдун туугандары менен байланышып, сөөктү мекенине жеткирүү маселелери чечилип жатканын маалымдады

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Казакстандын Астана — Караганда трассасында унаа сүзүп 45 жаштагы кыргызстандык жаран каза болгонун Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, кырсык 12-январда түшкө маал болгон. Маркум Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кошчу айлынан экени аныкталды.

"Рулда отурган казакстандык жаран борошо, шамалдан улам тыюу салынган жерден өтүп бара жаткан жөө адамды көрбөй калганын айткан", — деп жазылат маалыматта.

Каза болгон киши тууганы экөө "ВАЗ" унаасы менен Россиядан Кыргызстанга келе жатканы белгилүү болду. Ал эми Казакстанга 11-январда кирген.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги маркумдун туугандары менен байланышып, сөөктү мекенине жеткирүү маселелери чечилип жатканын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0