Баласын алдына алып, автоунаа айдап бара жаткан келин кармалды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүРабота автосалонов в Омске
Работа автосалонов в Омске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай кадамын келин баласынын дене табы көтөрүлүп, ооруканага алып бара жаткандыгы менен түшүндүргөн

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Баласын кучактап алып автоунаа айдап бара жаткан аялдын ким экендиги аныкталды. Бул туурасында Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган башкармалыктын ыкчам-издөө кызматы Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунааны башкарган 29 жаштагы Жанара Максутова аттуу келин экендигин тактаган.

"Мындай кадамын келин баласынын дене табы көтөрүлүп, ооруканага алып бара жаткандыгы менен түшүндүрдү. Ага Админстративдик кодекстин 235-беренесинин негизинде админстративдик айып салынды", — деп билдирди маалымат кызматынан.

Эске салсак, баласын алдына алып машина айдап бараткан аял туурасындагы видео тараган. Анда көрүнгөндөй мамлекеттик номери 01 683 ABL болгон Honda үлгүсүндөгү машинаны айдап бараткан аял бир баланы колуна кармап, экинчисин алдыңкы орундукка отургузуп койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0