Россияда кыргызстандык таксист эки мекендешин кагып, бири каза болду

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүЗимний жанр
Зимний жанр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда укук коргоо органдары тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кечээ, 11-январь күнү, Москва шаарында кыргызстандык таксист эки мекендешин унаа менен сүзүп алган. Бул тууралуу Россиядагы Кыргызстандын элчилигинин маалымат кызматынан билдиришти.

"Түнкү саат 02.20лар чамасында Бутырская көчөсүндө KIA Rio үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жаткан 26 жаштагы Б.у. А. аттуу таксист кыргызстандык аял менен эркекти кагып алган. Жыйынтыгында эркек киши ооруканага жеткирилип, 40 жаштагы аял каза тапты", — деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Билдирмеге караганда, ушул тапта сөөктү мекенине жеткирүү иштерине кол кабыш кылуу максатында маркумдун туугандары такталып жатат.

Укук коргоо органдары тарабынан иликтөө иштери жүрүп, аны Кыргызстан элчилиги көзөмөлгө алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0