ИИМ: кызды бети менен жерге көтөрүп чапкан бала табылды

Жазылуу
Видеонун каарманы Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын каттоосуна алынды

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кызды бети менен жерге көтөрүп чапкан бала табылганын Ички иштер министрлигинен (ИИМ) кабарлашты.

Билдирмеге караганда, окуя Талас шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы аллеяда болгону аныкталган.

"Кармалган бала жергиликтүү тургун болуп чыкты. Өспүрүм үч айдан кийин 18 жашка толот экен. Ал эми кыз 16 жашта Алар орто билим берүүчү жайлардын биринде чогуу окуй тургандыктары аныкталды. Видеону алардын группалашы тарткан экен. Кыз жабыркаган эмес, эч кимге нааразы да эмес. Милицияга видеодогу балдардын ата-энелери чакыртылып түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, административдик протоколдор түзүлдү. Ошондой эле топтолгон материалдар балдар иши боюнча комиссияга жөнөтүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми видеонун каарманы Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын каттоосуна алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0