Ошто кызганычтын айынан аялын сабап өлтүрүүгө шектелген киши кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи семейного насилия в КР
Случаи семейного насилия в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон маалда экөө тең мас болгон

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Ош шаарында кызганычтан аялын сабап өлтүрүүгө шектелип жарандык никеде жашаган күйөөсү кармалганын шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 41 жаштагы аялдын киши колдуу болуп каза тапканы тууралуу билдирүү 9-январь күнү келип түшкөн. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам-иликтөө тобу окуя болгон жерге барып, келин алган соккудан көз жумганын аныктаган.

"Маркумдун төрт кабыргасы сынып, баш сөөгү жарылган. Иликтөө иштеринин натыйжасында 9-январда кылмышка шектелип аялдын акыркы убакта жарандык никеде жашаган 41 жаштагы күйөөсү кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Приговор экс-министру экономического развития Алексею Улюкаеву - Sputnik Кыргызстан
Ошто үйү өрттөлүп, киши колдуу болгон адамдын өлүмүнө шектелип коңшусу кармалды
Шектүү өз көрсөтмөсүндө 7-январь күнү келинди кызганычтан улам катуу сабап үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин айтып берген. Окуя болгон маалда экөө тең мас болгон.

Учурда аталган факты боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү жаран Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0