Бишкекте эки кызды унаа коюп кетти

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүОбработка дорог противогололедными реагентами в Москве
Обработка дорог противогололедными реагентами в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлануучулар жол чырактын жашыл түсүн күтпөстөн жолго чуркап чыга калышкан

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Toyota Mark X үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Ош базары тараптан эки кызды унаасы менен коюп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө WhatsApp каналы аркылуу билдирди.

Окуя шейшемби күнү саат 16.30дар чамасында Чүй проспектиси менен Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. 

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуНаезд на двух девушек возле Ошского рынка
Наезд на двух девушек возле Ошского рынка - Sputnik Кыргызстан
Наезд на двух девушек возле Ошского рынка

"Кырсык менин көз алдымда болду. Жол чыракта жашыл түс жанып турган. Toyota Mark X үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдык менен кесилиштен өтүп баратканда, эки кыз жолго чуркап чыга калды. Айдоочу унаасын токтотууга жетишпей аларды коюп кетти. Жабыр тарткандардын бири тура калып экинчисине чуркады. Анысы шок абалында тура албай жатты", — деди маектеш.

Анын айтымында, күбөлөр жабырлануучуларды ооруканага алып жөнөшкөн. Ал эми айдоочу изин сууткан эмес. Милиция аталган окуя болгонун ырастап, тергөө иши жүрүп жатканын билдирди.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0