Таш-Көмүрдө 3 айдан бери дайынсыз болуп жаткан кишинин сөөгү тоодон табылды

Жазылуу
Маркумдун сөөгү Таш-Көмүр шаарынан алыс эмес жердеги Кара-Күңгөй тоосунан табылып, жакындарына өткөрүлүп берилген

ОШ, 9-дек. — Sputnik. Таш-Көмүр шаарында үч айдан бери дайынсыз болуп жаткан 26 жаштагы жергиликтүү тургун Курсантбек Сүйүнбаевдин сөөгү тоодон табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициянын маалымат катчысы Мыктыбек Турдубаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, маркумдун сөөгү Таш-Көмүр шаарынан алыс эмес жердеги Кара-Күңгөй тоосунан табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди.

"Курсантбек Сүйүнбаев 2017-жылдын 20-октябрында өз үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Бул факты Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүндө "дайынсыз жоголду" деп каттоого алынган. Кийин жергиликтүү жашоочулар Кара-Күңгөй тоосунун этегинен маркумдун сөөгүн таап, милицияга кабарлашкан. Кароо жүргүзгөн учурда анын жанынан уюлдук телефону табылган. Жакындарынын айтымында, ал мал багып жүрүп, тоодон кулап кетиши мүмкүн", — деди Турдубаев.

Ал ошондой эле маркумдун жакындары эч кимге доосу жок экендигин айтып, милицияга арыз жазуудан баш тартышкандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0