Бишкекке жакын жерде унаа алдында калган эне-бала көз жумду

Жазылуу
Наристе кырсык болгон жерде мүрт кетсе, аял ооруканадан каза тапкан

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Чүй облусундагы Аламүдүн айылында аял менен беш жашар кызды унаа коюп кетти. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) кабарлашты.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте мас милиционер жол кырсыгына кабылды. Кырсыктан кийинки видео
Окуя дүйшөмбү күнү саат 7.40та болгон. Honda CR-V үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Алматы көчөсү менен түндүк тарапты көздөй баратып "Чекиш-Ата" базарынын жанынан эки адамды коюп кеткен.

Ведомстводон маалымдашкандай, беш жаштагы кыз ошол жерден мүрт кеткен. Ал эми анын 45 жаштагы апасы оор жаракаты менен ооруканага жеткирилген.

Саламаттык сактоо министрлиги жабырлануучу реанимация бөлүмүнөн эсине келбей көз жумганын кабарлады. Унаа айып короого токтотулуп тергөө иштери башталды. Айдоочу эч жакка кеткен эмес, учурда милицияда.

Жаңылыктар түрмөгү
0