Жогорку Кеңештин депутатынын үйүнөн 2 курал уурдалды

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жамалдинов Зиядин Исламович
Депутат Жамалдинов Зиядин Исламович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 1-3-январь аралыгында болгон

ОШ, 8-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдиновдун Ноокат районундагы Жал айылында жайгашкан үйүнөн эки даана ок атуучу курал уурдалган. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Жанна Сатарбаева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, окуя 1-3-январь аралыгында болгон.

"Депутаттын үйүнө белгисиз жарандар терезе аркылуу кирип, бир даана сайлуу жана бир даана сайсыз куралды уурдап кетишкен. Куралдардын уруксат кагазы бар", — деди Сатарбаева.

Жамалдиновдун үйүнө көз салып турган бир тууган агасы курал уурдалгандыгы боюнча милицияга арыз менен кайрылган. Анын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 164-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда Ноокат райондук ички иштер бөлүмү териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0