14:27 16 Жетинин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8492
  • EUR79.0658
  • RUB1.0485
Поиски беглого заключенного в районе рынка Дордой

Сириядан согуштук даярдыктан өтүп келген КР жараны кармалды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
146 0 0

Шектүү Кыргызстандын аймагына кирип бир нече теракт жасоону пландаган

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. 2016-жылдан бери эл аралык террордук уюмдун курамында атайын даярдыктан өтүп, Сириянын өкмөттүк күч структураларына каршы согушка активдүү катышкан КР жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, декабрь айында Улуттук коопсуздук кызматы эл аралык террордук уюмдардын каналдарын аныктоо максатында терроризмге каршы иш-чараларды уюштурган.

"Ыкчам аракеттердин натыйжасында эл аралык террордук уюмдун жетекчилеринин тапшырмасы менен Кыргызстандын аймагына кирип, бир нече теракт жасоону пландаган киши кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүүгө карата Кылмыш жаза кодексинин 375-беренеси (жалдоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Тема боюнча

Террорчулар Cирия армиясынын учагын атып түшүрдү
УКМК: Сирияда жүрүп келген согушкер кармалды
Белгилер:
согушкер, УКМК, Сирия
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ